Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Казак элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө


Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Ал үч айдан бери Казакстанда 30 миң тоннага жакын күйүүчү май Кыргызстанга өткөрүлбөй турганына нааразылыгын билдирүүдө. Күйүүчү майды бажы бекетинде кармап турууну каракчылыкка теңеген Токтонасыров акция учурунда бетине кара беткап кийип, колуна “Кылмыш жана кыянатчылык” деген плакатты кармап турат.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 500 вагонго жакын күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстан бажысы күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйөнү келтирүүдө.

12-июлда эки өлкө премьер-министрлеринин жолугушуусунда бул күйүүчү майдын кармалыш жагдайын териштирүү тапшырмасы тиешелүү органдарга берилгени кабарланган. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG