Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Шакиев: Ташиев боюнча УОК ичинде пикир бирдей эмес


Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдын курамынан уюм мүчөлөрү менен толук кеңешилбей туруп чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын өкүлү Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, Ташиевди кыймылдан чыгаруу маселесинде УОКтун бардык мүчөлөрүнүн пикири эске алынган жок. Айрымдары бул кабарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу укту. Чечимди кимдер кабыл алганы да азырынча так эмес.

23-июлда УОК өз курамынан Камчыбек Ташиевди чыгарган. Уюм мүчөлөрү өз ара кеңешип, анан ушундай бүтүмгө келгенин “Азаттыкка” кыймыл лидери Равшан Жээнбеков билдирген.

Бирок Камчыбек Ташиевге Улуттук оппозициялык кыймылдан чыгарылганы тууралуу расмий маалымдалган эмес. Ташиев чечим боюнча пикирин билдире элек.

9-июлда ал НТС телеканалына курган маегинде 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде Ак үйдүн тосмосунан ашканы мыйзамсыз болгонун айтып, азыркы президенттин айрым аракеттерин колдоорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG