Бишкек гарнизонунун Аскердик соту Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди 22 жылга эркинен ажыратты. Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга кесилди. Алар сот залынан камакка алынышты.