Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Израил Газага 12 саат ок чыгарбай турарын жарыялады


Израил армиясы бүгүн таңкы сегизден баштап Газа тилкесине 12 саат ок чыгарбай тургандыгын жарыя кылды. Бул гуманитардык максатта жасалып жатканы айтылган. “Ушул убактан пайдаланып израил аскерине жана жай тургундарга чабуул коюуну ойлогон террористтерге гана армия жооп кайтарат” деп жазылат коргоо күчтөрүнүн билдирүүсүндө. Ошондой эле Газа тилкесиндеги тоннелдерди аныктоо жана жок кылуу аракеттери улантылары айтылган. Мурдарак ХАМАС кыймылы да урушту убактылуу токтотууга макул болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG