Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:08

Ош шаарында 20 миӊ наристе бакчага барбайт


Ош шаарында бала бакчага барбаган наристелер үчүн дагы 55 балдар бакчасын куруу зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Учурда Ош шаарында мамлекеттик жана менчик 50дөн ашуун бакча иштейт. Булар шаарда каттоого алынган 32 миӊ баланын 11 миӊин гана тарбиялашат. Ошол эле учурда дагы он миңден ашуун бала мектепке чейинки тарбияканаларга кабыл алынбай калууда.

Учурда шаарда эки бала бакча курулууда. Жыл башында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир бала бакчанын имараты өкмөткө кайтарылып, ишке киргизилген болчу.(YI)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG