Талас облусундагы чек ара отрядынан качып кеткен төрт аскер жекшембиде кармалды. Алардын кызматты таштап, качуу себептери бүгүнкү териштирүүлөрдүн негизинде аныкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты.
Аскерлер 27-июль күнү кечинде качып кетишкен. Алардын биринде автомат жана ок-дарылар болгон. (SE)