Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

АКШ: Орусия Украинаны артиллериядан аткылаган


Космостон тартылган фотосүрөттөр
Космостон тартылган фотосүрөттөр

27-июлда АКШ Мамдепартаменти Орусиянын ичинен Украинанын территориясы артиллериялык снаряддардан аткыланганын тастыктайт деген космостон тартылган фотосүрөттөрдү жарыялады. Төрт барак документ 21-июлдан 26-июлга чейинки аралыкта реактивдүү снаряддар кайдан атылганын жана кайда түшкөнүн көрсөтөт деп айтылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

27-июлда Украинанын чыгышындагы Горливка шаарында 13 адам, анын ичинде эки наристе бейажал өлдү. Алар Горливка шаарындагы уруштун кесепетинен өлгөнүн Донецк облустук бийлиги билдирди. Бирок билдирүүдө адамдардын өлүмү үчүн кайсы тарап күнөөлүү экени айтылбайт.

Украин армиясы 26-июлда Донецк аймагында орусиячыл жикчилдерге каршы чабуул баштаган. Соңку маалыматтарга караганда, уруш ушу тапта 250 миң калктуу Горливка шаарынын тегерегинде жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG