Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы түштөн кийин чыгат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдирди. 25-июлда тендердин экинчи туру болуп, ага 6 чет өлкөлүк компания катышкан. Алардын арасында Франциядан 3, Монголия, Нидерланд жана Германиядан бирден фирма бар. Компаниялар биометрикалык жабдыктарды алып келүү үчүн өз сунуштарын беришти. Бул боюнча учурда атайын комиссия иштеп жатат.
Комиссиянын корутундусу менен Кыргызстан үчүн ылайыктуу сунушту берген компания тандалат.
Июнь айында тендердин биринчи туруна 16 компания катышып, алтоо тандап алынган.
Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында биометрикалык паспорт үчүн маалыматтарды топтоо 31-августтан тарта башталары белгиленген. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапкан. (SE)