Эки Азербайжан жараны Ирандын пайдасына шпиондук кылды деп өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү 1-августта Баку шаардык соту чыгарды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар Ирандын чалгындоо кызматынын агенттери менен кызматташкан. Жабык өткөн сот иш боюнча башка эч кандай маалымат берилбеди.
Муну менен 2012-жылдан бери бир нече азербайжандык Иранга шпиондук кылда деп соттолду. Баку - Тегеран арасындагы мамиле 2012-жылы Иран менен байланышта деп шектелген бир нече адам Азербайжанда ар кандай кутумчулуктарды уюштурмак болгон деп камакка алынгандан кийин осолдоп кеткен.