Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Тажик тарап кыргыз дыйкандарына зыянды төлөп бермей болду


Тажикстан чек арада кыргыз дыйкандарына келтирилген зыян үчүн 10 миң сом төлөп бермей болду. Андан сырткары, Кожолу айылында талкаланган кыргызстандыктардын унааларын да оңдоп берүүнү убада кылышты. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймакта Баткен жана Исфана райондорунун жетекчилери бүгүн түштөн кийин жолугуп, ушундай чечимге келишти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен кыргызстандык дыйкандардын үлүш жерине тажик жарандары келип, эгилген жүгөрү жана башка жемиштерди жыйнай баштаган. Ортодо чыр чыгып, тажиктердин Кожолу айылында тажик жарандары кыргызстандык айдап бараткан бир жеңил унаа менен бир жүк машинесинин айнектерин талкалашкан.

Андан соң, Тажикстандын бир топ тургундары Кожолу айылынан Ак-Сайга жана Ворух анклавына барчу жолду бууп коюшкан. Азырынча жол ачыла элек. Сүйлөшүүлөр уланууда. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG