Модельер Тоялиева: Элеттик кыздарга үлгү болгум келет
Модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева Австриядагы турмушун жок жерден баштаган. Ал Венага келгенде колунда бир жашар уулу, көк кыргыз паспорту жана Жалал-Абаддын кызыл диплому бар эле. Эч бир таанышы же күткөн жумушу дагы жок болчу. Эми өз күчү менен бөтөн жерде, бөтөн элде сый-урматка конду.