Аялзат: Жарышкан тигүүчүлөр
Кыргызстанда миңден ашуун тигүү цехтери бар. Мындай жерлерде 150 миңден ашуун киши иштесе, алардын 80% аялдар. Эгемендиктин кризис каптаган алгачкы жылдарында көптөгөн аялдар тигүүчүлүк менен үй-бүлөсүн баккан. Азыр деле тигүүчүлөрдүн айлыгы жарыбаса дагы, көптөгөн кыз-келиндер бул ишти улантууда. "Аялзат" программасынын бет ачары.