"Отурган кыз ордун табат", элеттик ишкер айымдар
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда элетте жашаган кыз-келиндердин саны 1 млн. 900 миңди түзөт. Жаркын жашоо издеп миграция кеткен ондогон кыз-келиндер да дал ушул элеттен кеткендер. Ошол эле кезде тоо койнунда жашап деле баар таап, балдарын тарбиялап, ал турсун өз ишинен пайда көргөн айымдар жок эмес. “Аялзат” түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы элеттик аялдарга арналат.