Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Ирактын түндүгүндө күрддөр менен согушкерлер салгылашууда


Күрд күчтөрү жана “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери салгылашы уланууда. Салгылаш күрддөрдүн аймактык борбору саналган Эрбил калаасынан 40 чакырым алыста болуп жатат. Буга чейин дем алыш күндөрдө согушкерлер түндүккө карай жылып, өз позициясын бекемдеген эле. Мындан соң Ирактын бийликтери менен күрд күчтөрү аскердик кызматташууну жанданткан. Мунун алкагында Ирактын аба күчтөрү күрддөр жашаган аймактан согушкерлерди тазалоого жардам бериши керек.

2-августта “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети» тобунун согушкерлери Зумар шаарын жана Синжар шаарларын басып алды.

Аймактагы күрддөрдүн лидери Жаббар Яшар согушкерлер басып алган жерде 50 миңге жакын эзди этникалык тобунун өкүлдөрү калып калганын, аларга жардам жөнөтүлбөсө, кыйын абалда турганын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG