Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:58

Жалал-Абадда оруп-жыюу аяктап калды


Облус аймагында 24 миң гектар аянтка себилген буудайдын 88 пайызы орулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппарат кызматкери Ажимамат Исаев “Азатыкка” билдирди.

- Түшүмдүүлүк 29,6 центрди түзүп, жалпысы 64 миң 262 тонна буудай жыйналды. 2015-жылдын түшүмү үчүн 18 миң 285 гектар жер аянтына күздүк буудайды айдап-себүү күтүлүүдө,- деди Исаев.

Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда оруп-жыюу иши аяктап, облуста 67 комбайн ишке тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG