Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Казакстанда аялдардын ачкачылык акциясы уланууда


Ачкачылык жарыялаган казакстандык аялдар. 6-август, 2014-жыл, Астана.
Ачкачылык жарыялаган казакстандык аялдар. 6-август, 2014-жыл, Астана.

Мурдагы дача аймактарынан турак- жайы буздурулуп жаткан беш аялдын ачкачылык жарыялаганына бүгүн жети күн болду.

Алар президент Нурсултан Назарбаев менен жолуктурууну жана Астана шаар бийликтеринин мажбурлап көчүрүү чечими жокко чыгарылуусун талап кылууда.

Нааразылык акциясы ачкачылык жарыялагандардын бири -Алтын Червалиеванын үйүндө өтүп жатат.

Червалиеванын “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, сот аткаруучулар ага үйү 15 –августа буздуруларын кабарлашкан.

Астананын бийликтери шаардын четинен мурдагы дача аянттардагы үйлөрдүн буздурулушун мамлекеттик социалдык обьектилерди куруу жүйөсү менен түшүндүрүшүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG