Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:48

Москва жиберген гумжардам Украинага жете элек


Соңку маалымат боюнча, автокербен Украинанын чек арасынан 300 чакырымдагы Воронеж шаарынан өттү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-августта жасаган видеокайрылууда:

- Биз Киев үчүн ыңгайлуу жолго макулбуз. Биз автомобилдер Украинанын ичинде украин номурлары менен жүргөнүнө макулбуз. Биз машинени эл аралык Кызыл Чырым уюму, ЕККУнун жана украин бийликтеринин өкүлдөрү коштоп жүргөнүнө макулбуз,- деди Лавров.

Расмий билдирүүгө караганда, 280 машинеден турган автокербенге 2 миң тонна жүк: анын ичинде акшак, эт азыктары, балдар азыктары, суу, дары-дармек, электрогенератор жана башка заттар жүктөлгөн.

Украина жана Батыш Орусия гуманитардык жардамды пайдаланып, москвачыл жикчилдер менен украин армиясы согушуп жаткан аймакка аскер жиберүүсү ыктымал деген кооптонууларын билдирген.

XS
SM
MD
LG