Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

Газадагы элдешүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт


Египет Израил жана ХАМАС ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн эки арадагы элдешүүнүн мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Мындай сунуш Газадагы ок атышпоо боюнча үч күндүк элдешүүнүн мөөнөтү бүтөр алдында жасалды. Элдешүү мөөнөтү 13-августта түнкү саат 11де аяктайт. Ушундай эле элдешүү 8-августта мөөнөтүнөн мурда бузулган. ХАМАС 2007-жылы Газа тилкесинде бийлигин орноткондон кийин Египет жана Израил тарабынан киргизилген экономикалык блокаданын толук алынып салынышын каалайт. Израил адегенде ХАМАС куралсыздандырылсын деп талап коюуда. Бул маселе Египеттин арачылыгы астында болчу келерки сүйлөшүүгө чейин калды. Газанын түндүгүндөгү жарылбай калган израилдик ракетаны иштен чыгаруу учурундагы жардыруудан АКШнын Ассошиэйтед пресс агенттигинде иштеген италиялык видеожурналист жана анын палестиналык котормочусу курман болду.

XS
SM
MD
LG