Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тиешелүү министрликтерге айыл чарба азыктарын Орусияга экспорттоо ишин тездетүүнү тапшырды. Ал мындай тапшырманы айыл чарба жана Экономика министрлигинин, Санитардык-ветеринардык инспекциянын жетекчилери менен болгон өкмөттүк жыйында берди.
- Айыл чарба азыктарын лабораториядан өткөрүп, сертификат берүү Бажы биримдигинин жол картасында каралган. Биз айыл чарба азыктарын аталган биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иштерди жасап жатабыз, - деди Оторбаев.
Премьер-министр орус өкмөтү Батыш өлкөлөрүнөн кирчү азыктарды чектеп жатканда Кыргызстан мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышы керек деп кошумчалады. (UEz)