Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жалал-Абад: Кадыржан Батыров курган имарат талашка түштү


Жалал-Абад шаарында жайгашкан 3 кабаттуу имарат 2012-жылы өкмөттүн токтому менен Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр илимий изилдөө борбору менен Облустук сот департаментине берилген. Имаратты бөлүштүрүү маселеси талаштуу жагдайды жаратканын илимий борбордун директору Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” билдирди:

- Имарат негизинен ооруканага ылайыкташтырылып салынып, операция жана лаборатория бөлүмдөрү бар. Лифт да орнотулган. Бөлүштүрө келгенде алардын баары Сот департаментине берилип жатат. Бейтаптар жаткан гана бөлүгү Кардиология бөлүмүнө өткөрүлүүсү туура эмес чечим, - дейт Абдраманов. Ал эми облустук сот департаменти өкмөттүн токтомунун негизинде гана бөлүштүрүү жүрүп жатканын билдирди.

Талашка түшүп, толук бүтпөгөн имарат 2010-жылы июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, учурда издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон.

Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөргө 2012-жылдын июнь айында Сузак райондук сотунун чечими менен камакка алынып, Сот департаментинин көзөмөлүндө турган. Өкмөт соттун чечимине таянып быйыл 17-июлда Батыровдун 28 объектин мамлекеттин карамагына өткөрүү токтомун кабыл алган. (RsK)

XS
SM
MD
LG