Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Пакистанда өкмөткө каршы митинг уланып жатат


Исламабад шаарында өкмөттү кетирүү талабы менен оппозиция өкүлдөрү уюштурган митингге жекшембиде дагы миңдеген кишилер кошулду. Байкоочулар нааразылык акциясына чыккандар он миңден көп экенин маалымдады.

Акциянын уюштуруучулары, оппозиция лидерлери – мурунку крикет жылдызы Имран Хан жана белгилүү аалым Мухаммад Тахир ул-Кадрий баштаган топ премьер-министр Наваз Шарифтин жана ал башкарып жаткан өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

Имран Хан 2013-жылдагы алгачкы демократиялык шайлоодо Наваз Шариф жасалма добуш менен жеңишке жетишкенин буга чейин билдирген. Ал эми Мухаммад Тахир ул-Кадрий анын тарапкерлери Наваз Шариф тарабынан өлтүрүлгөнүн айтып, өкмөт башчыны камакка алууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG