Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 17:20

Жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду


Жыл башынан бери Кыргызстанда 69 адам сууга чөгүп, каза тапты. Анын 23ү жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мерт кеткендердин көпчүлүгү жайкы эс алуу сезону башталгандан бери чөгүп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунун аймагында катталган. Мындан улам министрлик жарандарды эс алууда этият болууга чакырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG