Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Түлеевдин соту дагы бир аптага жылдырылды


Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин Бишкек шаардык соту бир аптадан кийин карайт. Буга Түлеевдин саламаттыгы начарлап, соттук жараянга келбей калганы себеп болду. Экс-мэрдин кылмыш ишине байланышкан соттук териштирүү ушуну менен 26-жолу башка учурга которулду.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG