Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Бишкекте Бажы биримдигине киргенден кийинки баа саясаты талкууланат


Экономика министрлиги Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кабыл алына турган төлөмдөр жана башка баа саясаты боюнча долбоорду талкуулоо үчүн коомдук угуу уюштурат. Иш-чара бүгүн министрликте өтөт.

Жыйында Бажы биримдигине карай өткөөл мезгилдеги товар баалары жана бирдиктүү бажы тарифиндеги нарктардын долбоорлору боюнча сунуштар айтылат.

Талкууга ишкер чөйрө өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер чакырылган.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен өткөн аптада жолугушкан учурда Кыргызстан 2015-жылдан тарта Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн аракеттенип жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG