Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Ангела Меркелдин бүгүн Киевге барышы күтүлүүдө


Германиянын канцлери Ангела Меркел Украина чыгышындагы кагылышты токтотууну сүйлөшүү үчүн бүгүн Киевге барышы мүмкүн. 22-августта жергиликтүү гезиттерге берген интервьюсунда Меркел Украинадагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгын, маселени аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместигин айткан. Визит учурунда канцлер айым украин президенти Петро Порошенко, өкмөт башчысы Арсений Яценюк, Киев, Донецк жана Львов шаарларынын мэрлери, Крым татарларынын өкүлдөрү менен жолугат деп айтылууда.

Ангела Меркел 22-август кечинде Украина жана Орусия президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда ал Киевдин уруксаты жок жүк жөнөткөн Москванын чечимин айыптаган. Канцлер мындай кадам ансыз да чыңалып турган Чыгыш Украинадагы абалды курчутарын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG