Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Тарыхый журтуна келүүнү каалаган кытайлык кыргыздар көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Үрүмчүдөгү паспорттук-виза берүү бөлүмүнүн башчысы Сулайман Пиримкулов билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанды көрүп кетүү үчүн виза алууну каалаган кытайлык кыргыздардын саны 40 пайызга өскөн.

- Жайында Кыргызстанга барам дегендердин саны абдан көп. Анткени Кыргызстанды көрсөк деген чоң ой-тилектери бар. Ошондуктан биз колдон келишинче жардам берип жатабыз, - дейт Пиримкулов.

Мурдараак “Азаттыкка” Кытайда жашаган этникалык кыргыздардын айрымдары кайрылып, соңку учурда виза алуу кыйындап баратканын айтышкан. Алар визаны узагыраак мөөнөткө берүүнү кыргыз бийликтеринен өтүнгөн. Пиримкулов Кыргызстанга келүүнү каалаган этникалык кыргыздардын саны көбөйгөндүктөн виза алууну жеңилдетүү жолдору каралып жатканын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG