Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Орусия: Гумжардам тарткан машиналар Украинадан чыгып кетти


Орусиялык гумжардамды тарткан ондогон автомобил Украинанын аймагынан толук чыгып кетти. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жүк ташуучу машиналарды жикчилдер, өзүн “Луганск элдик республикасы” деп жарыялагандардын өкүлдөрү Лугансктан Ростов облусуна чейин коштоп баргандыгын ИТАР-ТАСС агенттиги жазып чыкты. Мурдараак Орусияга жүк, анын ичинде гумжардам ташыган машиналар кайтып келгенин ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Пол Пикар кабарлаган.

Мурунку күнү Орусиянын 200дөн ашуун жүк ташыган машинасы Киевдин уруксатысыз жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин кызматкерлеринин коштоосу жок Украинанын чек арасын кесип өткөн.

Украин бийлиги Москванын бул кадамын эл аралык мыйзамдарды бузуу, Украина аймагын басып кирүү деп баалаган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын түштүк-чыгышына жардам берүү боюнча Москванын бир тараптуу чечимин айыпташкан.

XS
SM
MD
LG