Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ирактагы жардыруулардан 34 адам мерт кетти


Ирактагы соңку жардыруулардан 34 адам мерт кетти. Жанкечтинин Багдаддагы чалгын кызматынын кеңсесине жасаган чабуулунан үч адам набыт болуп, ондон ашууну жараат алды. Өлкө борборунан 60 чакырым түндүктөгү Бакуба шаарындагы исламчыл согушкерлер менен полиция кагылышынан 13 адам мерт кетти. Киркук шаарында жанкечти унааны жардырып жиберип, 18 адам каза болду.

Сунни экстремисттердин “Ислам мамлекети” уюму Ирактын чоң бөлүгүн ээлегенден тарта өлкөдө жаатташуу дагы курчуган. Ирактын түндүгүндө күрт аскерлери-пешмаргелер жана Ирактын өкмөттүк күчтөрү согушчандардын колундагы Мосул шаарын көздөй жылууда. Маалымдалганга караганда, абадан аларга АКШнын аскерий учактары жардам көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG