Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Чолпон-Ата: ат майданды оңдоого кошумча каражат бөлүнүшү мүмкүн


Бул туурасында “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов билдирди. Анын айтымында, ат майданын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 52 миллион сом каражат жетпей калышы мүмкүн болуп турат. Жетпеген каражат агенттиктин бюджетиндеги акча менен толукталышы ыктымал.

Ушул тапта ат майданындагы иш 60% бүтүп, Бишкектен даяр темир конструкциялар жеткирилгени жатат. 800 кишилик ат майдан “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 кишилик болуп кеңейтилүүдө. “Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG