Бул туурасында “Азаттыкка” Жапаровдун адвокаты Владислав Лужанкий билдирди. Сот айыпталуучу эркиндикте жүрүп күбөлөргө таасир этиши ыктымал деген жүйө менен адвокаттын арызын канааттандырган жок. Кийинки сот отуруму 28-августта саат тогуз жарымда болот.
Дилгер Жапаров Кумтөрдүн 200 млн. долларын “Центерра Голдго” которуп жибергени үчүн Башкы прокуратура тарабынан 28-майда камакка алынган.
“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров 21-августтагы сот жараянында 200 млн. доллар кыргыз өкмөтү менен макулдашылбай которулганын айткан. (AzK)