Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф кызматынан чегинбей турганын билдирди. Оппозиция лидерлери - диниятчы Тахир ул-Кадри жана мурдагы крикет жылдызы Имран Хан анын отставкасын талап кылып 15-августтан бери Исламабадда митинг өткөрүүдө. Тахир ул-Кадри эгер Шариф кызматтан кетпесе өлүмгө барарын дүйшөмбү күнү билдирген.
Шариф 27-августта парламентте сүйлөп жатып өлкө демократия жолунан тайбасын, оппозициянын талабы негизсиз экенин билдирди. (RK)