Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Согуш Сириянын элинин теңине жакынын бозгун кылды


Сириядагы жарандык согуштун кесепетинен 3 млн. адам өлкөнү таштап кетти. БУУнун Качкындар агенттигинин билдиришинче, бул туура бир жыл мурдагыдан 1 миллионго көп. Баш кеңсеси Женевада жайгашкан агенттиктин маалымдашынча, Сириянын ичинде 6,5 млн. адам бозуп жүрөт.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гутьеррестин 29-августтагы кайрылуусунда Сирия кризиси “биздин эрадагы эң чоң гуманитардык апаатка” айланганы айтылат. 2011-жылы мартта Сирия чатагы тутангандан бери өлкө калкынын теңине жакыны там-жайын таштап, качып-бозуп кетти. Согуш алдында Сирияда 23 млн. эл бар эле.

XS
SM
MD
LG