Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

“Бесландык энелер” Страсбургдагы сотко кайрылат


1-сентябрда Беслан трагедиясына 10 жыл болду. 2004-жылы исламчыл козголоңчулар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти 1100дөн ашуун окучусу жана мугалимдери менен кошо барымтага алып, Москвадан Чеченстандагы аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылган. Активисттердин ырасташынча, Орусия жетекчилиги сүйлөшүүнүн ордуна мектепке чабуул коюп, 334 адамдын, анын ичинде 186 окуучунун өмүрүн алган кандуу булоонго себепчи болгон.

Орус бийликтеринин айтымында, аскерлер мектептин ичинен жардыруунун үнүн уккандан кийин чабуул койгон. Капсалаңдуу окуяда өлгөн окуучулардын ата-энелеринин “Бесландык энелер” бейөкмөттүк уюмунан “Азаттык” радиосуна сот алардын үмүтүн актабагандыктан, эми Страсбурдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыларын билдиришти.

XS
SM
MD
LG