Ички иштер министрлиги диний экстремизмди алдын алуу максатында мечиттердин имамдарын окутуу өнөктүгүн баштады. Мекеме долбоорду УКМК жана Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) эл аралык уюму менен бирге уюштурууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин Экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбеков маалымдады.
Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда диний радикал топторго азгырылган жарандар көбөйүп жатканын билдирген.
Семинардын алгачкы бөлүгү августтун аягында Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы мечиттердин имамдарына уюштурулду. Мындан ары башка аймактарда улантылмакчы.
Долбоор экстремизмдин терс таасирлерин дин өкүлдөрү аркылуу элге жеткирүү максатында ишке ашырылып жатат. (SE)