Чыгыш Украинадагы Мариуполь шаарында орусиячыл жикчилер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосунда катуу салгылашуу болду. Бейшембиде кара түтүн каптаган калаада бронетехникалык унаалар жана танктар гана жүргөнүн күбөлөр маалымдашты. Шаарды орусиячыл күчтөрдөн сактоо максатында украин армиясы жергиликтүү миңдеген жарандар менен бир канча күндөн бери коргонуу чараларын көрүп жаткан болчу.
Украинанын коргоо министринин кеңешчиси Александр Данилюк аскерлер урган сокку айрым жикчилерди набыт кылганын айтты. Окуяга күбө болуп жүргөн “ХромадскТВ” каналынын репортеру Твиттердеги баракчасына өкмөт күчтөрү арасынан да жоготуулар болгонун жазды.