Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:27

Садиевдин жакындары УКМК алдында акция өткөрүштү


Кечээ Кара-Суу райондук сотунда өз үйүндө өлтүрүлгөн Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жакыны саналган Жеӊиш Садиевдин жакындары кылмышка шектүүлөрдү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоого каршы нааразылык билдирип чыгышты. Маркум Садиевдин туугандарынын пикиринде, кылмышка шектүүлөр башка кылмышкерлер сыяктуу эле №5 убактылуу кармоочу жайда камалышы керек.

Бирок УКМКнын Ош облустук башкармалыгы Садиевдин өлүмүнө айыпталып кармалгандарды кайда кармоо боюнча чечимди сот чыгарып бергенин, алар соттун чечимин аткарууга аргасыз экенин айтат.

Жактоочулардын айтымында, Жеӊиш Садиевди өлтүрүүгө шектүү делип Султанов Ислам жана Нуриев Таалай кармалган болчу.

Ушул жылдын 30-апрелинде Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жакыны деп таанылган ишкер Жеңиш Садиевди Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнөн атып кетишкен. Чачма мылтыктын огунан жарат алган 37 жаштагы Садиев ооруканада жан берген. (YI)

XS
SM
MD
LG