Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Евробиримдик Орусияга киргизилчү жаңы санкцияларды кубаттады


Жума күнү Брюсселге чогулган Евробиримдик элчилери Орусияга карата бир нече катаал санкцияларды киргизүүнү макулдашты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, киргизилип жаткан жаңы санкциялар дүйшөмбүдө күчүнө кириши мүмкүн. Бирок Киев менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы ок атышпоо келишими санкцияларды токтотушу мүмкүн. Ал үчүн Москва куралдуу күчтөрүн Украина аймагынан алып чыгып кетиши керек.

Орусиялык козголоңчулар жума күнкү жарашууга карабай Донбасс аймагында дале ок чыгарып жатканын Украинанын аскердик-саясий изилдөө борборунун башчысы Дмитрий Тымчук бүгүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар 5-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыдан баштап ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койгон. Бул маалыматты украин президенти Петро Порошенко жана ЕККУ тастыктаган.

XS
SM
MD
LG