Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Мухаммед Мурси тыңчылыкка шектелүүдө


Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурси Катар мамлекетинин пайдасына тыңчылык кылганы үчүн сот алдында жооп берет. Бул боюнча документтерди Египеттин Башкы покуратурасы сотко өткөрдү.

Жергиликтүү маалымат каражаттардын кабарлашынча, Мурси Египеттин коопсуздугуна байланыштуу сыр документтерди "Ал-Жазира" телеканалына берген деп айыпталууда.

Исламчыл президент Мухаммед Мурси 2013-жылдын июлунда ага каршы толкундоолордон кийин бийликтен кулатылган. Ал азыр камакта жана мойнунда үч кылмыш иши бар. Эгер Мурси бирөөнү эле мойнуна алса, өлүм жазасы күтөт. Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы экстремисттик уюм деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG