Ооган соту төрт аялды зордуктаган деп шектелген жети кишини айыптуу деп таап, аларды өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Окуя 23-августта болуп, соттун чечими 7-сентябрда чыкты. Бул зордуктоо ооган коомчулугунда катуу нааразылыкты жаратып, Кабулда акция өткөн.
Адам укугун коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, Ооганстанда адатта зордуктоо жаап-жашырылат. Анткени андайга кабылгандар абийири төгүлдү деп эсептелет. Бирок бул ирет зордуктоого кабылгандар адилеттүүлүк издөөдө активдүү болушкан. (AiT)