Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:49

Жалал-Абадга Салайдин Авазов мэр болуп шайланды


Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 30 добуш менен буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Салайдин Авазовду калаа башчылыгына тандады. Авазов бул кызматка КСДП фракциясынан сунушталган. Ал эми анын атаандашы, “Өнүгүү” фракциясынан талапкер болгон Нурлан Маматов шайлоого бир күн калганда талапкерлигин алып салган. Бирок мыйзамга ылайык, талапкерликтен баш тартуу сунушу шайлоого эки күн калганга чейин киргизилиши керек болгондуктан, анын фамилиясы бюллетенден алынган жок. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын бирөө гана Маматов үчүн добуш берди.

КСДП менен “Ата-Журт” өкүлдөрү “Ынтымак” аттуу коалиция түзгөнүн да жарыялашты. Бүгүн түштөн кийин анын төрагасы шайланат.

Шаардык Кеңеште КСДП, “Ата-Журт” жана “Өнүгүү” фракцияларынан депутаттар бар. (SE\RsK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG