Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Порошенко Мариупол коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды


Бул тууралуу Украин президенти Петро Порошенко бүгүн Мариупол шаарында сүйлөп жатып билдирди. Ал үчүн шаарга танка, ракета, абадан коргоонуу күчтөрү тартылганын белгиледи. Ошондой эле Украина өз жеринен баш тартпай турганын кошумчалады.

5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга карабай, Мариупол шаарынын чыгышында украин аскерлери орусиячыл козголоңчулардын аткылоосуна кабылууда.

Украин аскерлери менен орусиячыл жикчилдер ок атышууну тототуу боюнча макулдашууну бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG