Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

"Ислам мамлекетинин" коркунучу Сауд Арабияда талкууланат


11-сентябрда Жидда шаарында болчу жыйынга АКШнын мамкатчысы Жон Керри, Түркиянын, Египеттин, Иорданиянын, Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин мартабалуу өкүлдөрү катышат.

Өкмөттүк Саудия пресс агенттигинин кабарлашынча, жыйындагы башкы тема аймакты терроризмди жайылтып жаткан экстремисттик топторго каршы күрөшүү маселеси болот.

Вашингтондун билдиришинче, Ирактын жаңы өкмөтүнүн жигердүү иштөөсүнө көмөктөшүү жана "Ислам мамлекети" уюмунун согушчандарына каршы согушууну талкуулоо үчүн Жон Керри ушу аптада Сауд Арабияга жана Иорданияга барат. "Ислам мамлекети" уюму Ирактын жана Сириянын айрым бөлүгүндө аракеттенет.

АКШ президенти Барак Обама 10-сентябрда "Ислам мамлекети" уюмунун желдеттерине каршы чабуулдун стратегиясы боюнча сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG