“Улуттук оюндар” борборунун жетекчиси Алмазбек Касеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Чолпон-Атада кыргыз күрөшү боюнча таймаш жыйынтыкталды.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан байге саны боюнча алдыга чыкты:
55 кг. салмакта 1- орунду кыргызстандык балбан Насипжан Сүйүнбеков, 60 кг. салмакта 1-орунду казакстандык балбан Амангелди Сатыбалдинов, 66 кг. салмакта 1-орунду кыргызстандык балбан Мирлан Эралиев, 74 кг. жана 84 кг. салмакта 1-орундарды кыргызстандык балбандар Дуулат Момбеков менен Нурбек Кожобеков, 96 кг. салмакта 1-орунду түркмөнстандык балбан Гулим Жумаев жана оор салмакта 1- орунду кыргыз балбаны Бекбосун Кушубаков алды.
Бир аздан соң алыш күрөшү боюнча финалдык беттешүүлөр башталат.
Байгелүү орунду алган балбандарга 100-120 миң сом сыйлык эртең 11-сентябрда медалы менен кошо ыйгарылат. (AzK)