Ысык-Көлдө өтүп жаткан Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында кыргыз күрөшү жана алыш күрөшү боюнча жалпы эсепте кыргызстандыктар алдыңкы орунга чыкты. Байгелүү орунду алган балбандарга 100-120 миң сом сыйлык 11-сентябрда медалы менен кошо ыйгарыларын “Улуттук оюндар” борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов билдирди.
Кыргыздар уткан алгачкы медалдардын үчөө алтын, алтоо күмүш, үчөө коло. Экинчи жана үчүнчү орундарды Казакстан менен Түркмөнстандын балбандары ээледи.
Бүгүн көкбөрү боюнча беттештер уланат. Кечеки беттешүүлөрдө кыргыз улакчылары ооганстандыктары 11:2 эсебинде утуп алды. Бүгүн кыргызстандык командалар Өзбекстан жана Тажикстандын көкбөрүчүлөрүнө каршы майданга түшөт.
Бүгүн ошондой эле тогуз коргоол, казак күрөшү боюнча да мелдештер улантылат.
9-сентябрда башталган көчмөндөр оюнуна 17 мамлекеттен спортчулар келген. Оюндар 14-сентябрда жыйынтыкталат. (UEz\SE)