Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Керри "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине каршы күрөштү талкуулайт


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Жакыңкы Чыгыштагы сапарын улантууда. Анын алкагында Вашингтондун жогорку өкүлү Сауд Арабияда араб өлкөлөрү жана Түркиянын жетекчилери менен жолугушмакчы. Маалыматтарга караганда, Керри "Ислам мамлекети" деген уюмдун согушкерлерине каршы күрөштө аскерий, саясий жана финасылык колдоо табууну көздөйт.

Жиддадагы жолугушууну утурлай президент Барак Обама Ирак жана Сириянын ири бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жоочуларга каршы “аёосуз” кампания жүргүзүлөөрүн билдирген.

Кечээ Багдадда болгон кезинде Керри эл аралык коомчулук ал уюмдун кулач жайышын карап отура бербейт деп согушкерлерге каршы күрөштө Иракты негизги өнөктөш катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG