13-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15 күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25 болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус болот.