Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин жогорку деңгээлде чечүүнү сүйлөштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди. Анын айтымында, жолугушууда президенттер чек араны тактоо иштерин тездетүүнү, буга чейин чек арада орун алган чатактарды териштирүүнү жана буга чейин кабыл алынган келишимдерди так сактоону өкмөттөр аралык комиссияга тапшырды.
Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 567 чакырымы такталган. Чек аранын такталбагынан улам чек аралаш аймактарда мезгил-мезгили менен жаңжалдар чыгып келет.(BkA/UEz)