Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Ирактагы согушкерлерге каршы декларация кабыл алынды


Парижде Ирак боюнча өткөн эл аралык жыйындын соңунда ага катышкан 30дай өлкөнүн жана уюмдун өкүлдөрү Багдаддын согушкерлерге каршы күрөшүнө жардам берүүнү макулдашышты. Биргелешкен декларацияда жазылгандай, өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган куралчан топко байланыштуу кечиктирилгис чара көрүү керек. Бирок аскерий жардамдын кайсы түрү экени так айтылган жок.

Ирактын президенти Фуад Масум конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө согушкерлерге абадан чабуулду болушунча тезирээк баштоо зарылчылыгын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG