Бишкектин Ленин районунун акими Ырысбек Мааткабылов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу борбордун мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Мааткабылов өзү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Аны шаар мэри Кубанычбек Кулматов канааттандырды.(BkA)