Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Оторбаев: Жаштар министрлигинде кадрдык өзгөрүү болот


Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде чоң кадрдык өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүнкү өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган министрликтин дарегине көп дооматтар айтылып келет. Мындан улам өкмөт тиешелүү чараларды көрүп, кадрдык өзгөрүүлөрдү ишке ашырат.

Буга чейин өкмөттү кураган көпчүлүк коалиция өз ишин жөндөй албаган үч-төрт министрдин жоопкерчилигин кароо боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатканын кабарланган. Коалицияны кураган Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул боюнча жакынкы убакта чечим кабыл алынарын билдирген.

Кечээ болсо ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана маданият министри Камила Талиева кызматтан алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG